Тамчыдагы аэропортто жаралган кырдаал боюнча "Манас" аэропорту түшүндүрмө берди

Тамчыдагы "Ысык-Көл" аэропортунда жаралган кырдаал мөндүр аралашкан жаандан улам келип чыккан. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ, 6-июлда Тамчы айылында мөндүр аралашкан жамгыр жааган. Мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада "Ысык-Көл" аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.

"Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген, ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жаандан улам аэропорттун имаратынын чатырынан суу агып, ичин каптап жаткан видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Совет
2023-07-07 16:31:00
Бир жыл мурун москвадан колго ес алганы баргам. Самалет тунку саат 2 де конду.. Айнанайын посаорт контроль кылган кызматкерлер уктап каптыр ооозум ачылып калды бир саат кичине имаратын ичинде жык Адам бир саат турдук тообо кылдым биз м-н барган орустар да оздору ачылып калган обслуживание Отто начар и ещё турстер коп келгенге аеропорт
0
Совет
2023-07-07 16:43:00
Кичине болмонун ичи баня болуп кетти ана поспорт контролдлгулары копоол жай иштейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан