Сууну идиштерге тосушуп... Жамгырдан кийин Тамчыдагы аэропорттун ичин суу каптады(видео)

Ысык-Көлдө нөшөрлөп жааган жамгырда "Тамчы" аэропортундагы имараттын чатырынан суу кирип, ичин каптады. Аталган көрүнүштүн видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.

Анда имараттын чатырынын ар кайсы жеринен суу агып, кызматкерлер сууну идиштерге тосуп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодо жерди суу басканын жана шыптын айрым жерлери жерге түшүп калганын көрүүгө болот.

"Тамчы" аэропорту уят эле. Канча четтен келишет. Чоңдор, жакшылап карасаңар боло", - деп жазган видеонун автору.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 18-мартында да Ысык-Көлдөгү катуу шамалдан улам "Тамчы" аэропортунун астын курчаган тосмосу толугу менен кулап калган.

"Тамчы" аэропорту жаандан кийин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан