КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдары Бишкекте өтөт

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүүгө карата көрүлүп жаткан даярдык иштери талкууланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, жыйынга аппараттын бөлүм башчылары, тиешелүү мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Анын жүрүшүндө Шабданбек Алишев эл аралык иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык сунуш-пикирлерди эске алуу керектигин айтып, белгиленген планды так, убагында аткарууга чакырды.

Анын ичинен КМШ ПААнын отурумдарын уюштурууга багытталган иш планы менен тааныштырып, аткарылчу иштерге кимдер жооптуу экенин тактады.

Эскерте кетсек, быйыл күздө КМШ ПААнын Кеңешин жана 56-пленардык жыйынын Бишкекте өткөрүү мерчемделген. Анда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу багытындагы маанилүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан