Кыргызстандын 8 миң жаранын Улуу Британиядагы сезондук жумуштарга орноштуруу пландалууда

Быйыл Улуу Британиянын айыл чарба ишканаларында сезондук жумуштарга Кыргызстандын 8 миң жаранын ишке орноштуруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда эки мамлекеттин достук мамилелерин белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары ар кыл тармактарда бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирген.

"Бүгүнкү күндө биргелешкен ийгиликтүү долбоорлордун бири катары Улуу Британиянын айыл чарба ишканаларында сезондук жумуштарга Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу программасын атоого болот жана бул жылы ага сегиз миңге жакын кыргызстандыктардын катышуусу пландалууда",- деп билдирген элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан