Чаткалда кишиге ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 8-июлда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 14:30 чамасында Чаткал районунун аймагында 30 жаштагы С.Ж. аттуу тургун жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 38 жаштагы Ж.С. аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген. Натыйжада Ж.С. алган жараатынан улам Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган.
"Окуя болгон жерге Чаткал РИИБинин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда 1 даана ок жана гильзалар табылып алынды. Мындан сырткары С.Ж. өз ыктыяры менен ок атуучу куралын тергөө-ыкчам тобуна өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесининин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары С.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.