Садыр Жапаровду Монголияда кандай тосуп алды? Фотобаян

Бүгүн, 9-июлда мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кеткен өлкө башчы Садыр Жапаров Улан-Батор шаарындагы "Чыңгызхан" эл аралык аэропортуна конду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчыны Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды. Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

"Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат. Президент Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында - Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан