Бүгүн, 9-июлда Улан-Батор шаарында расмий иш-чаралардын башталышынын алдында өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана анын жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тар чөйрөдө баарлашты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго өлкөгө сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн түз диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.
Садыр Жапаров монгол тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ухнаагийн Хурэлсухту жана монгол элин ушул күндөрү өлкөдө белгиленип жаткан Наадам улуттук майрамы менен куттуктады.