Бишкекте троллейбус жана үч унаа катышкан жол кырсыгынын чоо-жайы

Бишкекте троллейбус жана үч автоунаа катышкан жол кырсыгы боюнча "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы маалымат берди.

Ага ылайык, окуя 8-июлда болжол менен саат 20:40 чамасында орун алган. Калаадагы №7 каттамдын айдоочусу жол кырсыгына кабылган.

"Троллейбус айдоочусу Гагарин көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жаткан учурда Термечиков көчөсүнөн түштүк тарапты көздөй, Тойота-Камри үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта чыгып келип троллейбусту алдыңкы дөңгөлөккө сүзгөн. Дөңгөлөк жарылып анын кесепетинен троллейбус жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, Мазда үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшүп токтогон. Мазда үлгүсүндөгү унааны Хундай унаасы сүзгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгынан эки жүргүнчү жаракат алганы кошумчаланды.

Буга чейин борбор калаада троллейбус жана үч автоунаа катышкан кырсыктын видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан