Бишкекте троллейбус жана үч авто унаа катышкан жол кырсыгы катталды.
Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тарады. Анда окуя калаанын Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алгандыгы айтылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык боюнча азырынча маалымат бере элек.