Чүй районундагы каналдарга түшүп кеткен үч адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июлда Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң Чүй каналына 2003-жылы туулган К.М. түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.
Ошондой эле 6-июль күнү Чүй районунун Садовое айылынын 66 жаштагы М.Т. аттуу тургуну Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулгандыгы, бүгүн, 10-июлда издөө иштери улантылары кабарланды.
"Мындан сырткары 6-июлда Октябрь айылынан агып өткөн Ат-Башы каналына 1984-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 7 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 10-июль күнү улантылат", - деп жазылат маалыматта.