Садыр Жапаров Монголияда Улуттук Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 9-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана биргелешкен күн тартиптеги парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн ролу тууралуу пикир алмашуу болду.
Ошондой эле Гомбожавын Занданшатар Садыр Жапаровдун Монголияга болгон сапары эки элдин мамилелеринин өнүгүшү үчүн жаңы күчтүү түрткү берерин өзгөчө белгиледи. Ал сапардын алкагында өлкөдө жемиштүү жана ийгиликтүү жүрүшүн каалап, Монголия Кыргызстандан келген конокторго дайыма кубанычта экенин айтты. Ошондой эле, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн олуттуу потенциалдын бар экендиги, аны эки өлкө өнүктүрүү керектиги айтылды.
"Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз менен монгол элдери - улуу көчмөн цивилизациясынын урпактары болгону үчүн сыймыктанышы керектигин айтып, Гомбожавын Занданшатарды жана Монголия элин улуттук Наадам майрамы менен куттуктады", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары ал Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын негизги максатын - эки жакын көчмөн элдин байланышын бекемдөөнү, ошондой эле көп кылымдык достуктун духунда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү баса белгиледи. Мунун менен катар Садыр Жапаров кыргыз тарап да өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык диалогду туруктуу кармап турууга чоң маани берерин белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан