Индиянын түндүк аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 15 адам каза тапты. Бул тууралуу India Today басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, алгач жамгыр, андан соң шамалдын таасиринен Индиянын бир нече аймагында жер көчкү жүргөн. Натыйжада 15 адамдын каза болгону айтылууда. Индиянын метеорологиялык кызматынын (IMD) билдирүүсүндө, Нью-Делиде 1982-жылдан бери мындай нөшөрлүү жаан катталган эмес.
Ошондой эле катуу жааган жамгыр сейил бактарды, жер астындагы өтмөктөрдү, базарларды жана ооруканалардын имараттарын каптап, транспорт кыйынчылыгын жараткан.
Индиянын Борбордук Суу комиссиясынын (CWC) билдирүүсүндө, Делидеги Ямуна дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 11-июлда коркунуч чегинен ашуусу күтүлүп жатат.