Бишкекте жол талашкан фуранын айдоочусу жеңил унаанын ээсине арматура менен кол салууга аракеттенген учурдун видеосу тарады. Аны блогер Эртай Исаков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Анда айтылгандай, окуя 8-июль күнү саат 15:45 чамасында калаадагы Фучик жана Месарош көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо жүк ташуучу фуранын айдоочусу эки сызыктуу жолдун карама-каршы тарабына чыгып, тиешелүү тилке менен бара жаткан унаалардын астын тороп токтогонун көрүүгө болот. Андан соң айдоочу фурадан арматура көтөрүп чыгып, арттагы унаалардын бирине кол салмакчы болгон. Бирок жеңил унаанын айдоочусу качып кетүүгө үлгүргөн жана кесилиштен өтүп, окуя тууралуу 102 кызматына кабар берген. Ал эми фуранын айдоочусу Сары-Өзөн базары тарапка из жашырып кеткен. Видео толугу менен кол салууга кабылган жарандын унаасындагы камерага жазылып калган.
"Фуранын ээси сөзсүз жазаланыш керек. Эртең дагы кимдир-бирөөнү арматура менен өлтүрө чаап салышы же жолдун каршы тарабына чыгып жол кырсыгына себепкер болушу толук мүмкүн. Учурда милиция кызматкерлерине арыз жазылган. ИИМдин аракетин күтүп жатабыз", - деп жазган видеонун автору.