ПОЭТЕРАПИЯ: "Абышкалар жынсы киет чычайып, шаар ушундай, коё албайсың эч айып"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы жаш акын Азим Сатымкулов.

Азим Сатымкулов 1987-жылы 3-мартта Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Тельман айылында туулган. 1993-2004-жылдары К.Жумагулов атындагы орто мектепти аяктаган. 2005-жылы май айынан 2006-жылдын октябрына чейин өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн катарында 7412 атайын бөлүктө аскердик кызмат өтөгөн.
2019-жылы каарманыбыздын алгачкы “Тамчы” ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ошол эле жылы Москва шаарындагы "Азия" коомунун “Жаш акын”, Макмал креатив коому тарабынан “Алтын сыя” төш белгилерин алган. 2020-жылы Борбордук Азиядагы “Янги овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзу уюштурган эл аралык ыр сынактан 1-орунду багындырып, “Мыкты калемгер” төш белгисине татыктуу болгон. Ушул эле жылы “Алтын калем” төш белгисин алган. 2020-жылдын 25-октябрында мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине карата Борбордук Азиядагы “Янги овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзу уюштурган эл аралык ыр сынакта кайрадан 1-орунду багындырып, “Аалам алкагы” төш белгисине татыктуу болгон. Мындан сырткары мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Ардак грамота" жана казак акындарынын ырларын кыргыз тилине которууга кошкон салымы үчүн “Дүйнө таланттары одагы” тарабынан алкыш кат менен сыйланган. Учурда “Аскадагы жаңырык” аттуу поэтикалык экинчи ыр жыйнагы басмага даярдалып жатат.

БАКЫТ

Экөөбүз түгөйбүзбү, эгизбизби,
Тайгакта табыштырган теңир бизди.
Эртеңим эмне болсо ошол болсун,
А бүгүн сени сүйдүм негизгиси.

Күтүүсүз сылап койсоң колдорумду,
Бах, чиркин! Бакытка мас болбодумбу!
Сезимдин кылын черттиң кытыгылап,
Секетим, сүйбөйт бул деп ойлодуңбу?

Бактымды сынап көрүп, адегенде,
Таң калдым таалайыма, баракелде!
Сен сүргөн ушул доорго мен да келип
Калганым бакыт болбой, анан эмне?

Тең көрүп азабын да, жыргалын да,
Термелдим махабаттын ыргагында.
Билип кой, мага ошол чексиз бакыт,
Жашасам сенин жазган ырларыңда.

Экөөбүз ынакпызбы, шерикпизби,
Теңирим тескебестир керексизди.
Жашоонун көркүн ачып жүргүлө деп,
Жараткан жолуктурду, демек, бизди.

“Бакыт”, “Сен” деген ырлар бир адамга арналып жазылган. Адамда сүйүү сезими болот эмеспи. Ошол тунук сезимден жаралган ырлар.

БАЙКЕМ ЭКӨӨБҮЗ

Шашып жүрөт, бир орунга жай турбай,
Эрте келген өмүргө да ал тургай.
Ата-энемдин болгон жакшы сапатын,
Илип кеткен баарын мага калтырбай.

Атама окшош кичи пейил жагы бар,
Жумшак сүйлөп сыпайылык жайы бар.
Апамдагы көрүп жүргөн кадимки,
Чечкиндүүлүк, өткүр мүнөз дагы бар.

Мен жашоого шашпай жүрүп кеч келдим,
Куу жонунда калган окшойм ач белдин.
Улуулардан калган ошол "калдыкка",
Ээ болдум да ошол менен чектелдим.

Сабыры бек, отко салса күйбөгөн,
Өз жамаатын өргө тартып сүйрөгөн.
А мен дайым чыдамым жок "чырт" этип,
Ойлонбостон оройураак сүйлөгөн.

Борпоң анан араң жанмын ыргалып,
Кылт дей түшсө кирпик көзүм нымдалып.
Баардык ишти өз тушунда жайгарган,
Байкемде бар накта сөөлөт мырзалык.

Көп жагынан агам жакшы, мен жаман,
Уста эмес, бирок ишке эптүү адам.
А мен болсо бир мык тамга какканча,
Карбаластап бармагымды беш чабам.

Айта берсем жакшы жагы көбүрөөк,
Айкөл, кенен, тайманбас, эр көкүрөк.
Таразага салып туруп карасам,
Экөөбүздөн мен экенмин көгүрөөк.

Тынч уктабайт, эмгекчил да иштерман,
Далай жерге мээнет менен из салган.
Мени болсо минип кээде ыкшоолук,
Кылынбастан не бир канча иш калган.

Кантсем деле жалгыз иним дегендир,
Жан дүйнөсү бул дүйнөдөн кенендир.
Тайыз болсо, эгер жарды, тар болсо,
Чалкып жаткан Ысык-Көлдөн тереңдир!

“Байкем экөөбүз” деген ырымды бир тууган агам Айдарбекке арнап жазгам. Биз, адамдар көзү тирүүсүндө барктай албай, көзү өткөн соң бармак тиштеп калат эмеспизби. Ошондуктан агам барда ыр да болсо арнап, жакшы сөзүмдү айтып, сыйлап тургум келет.

СЕН

Сен-сенсиң! Сен өзгөчө, сен бир жансың,
Сүйүүмсүң, тек жашоомсуң, чексиз бактым!
Баш бербес багытымды башка нукка,
Мен кантип өзгөртмөкмүн сенсиз, жакшым?

Ырдасам үн алышкан торгой болдуң,
Тыңшадым, кумар болдум, тойбой койдум.
Сүйбөйүн, эстебейин деген менен,
Мажбурлап, эч эркиме койбой койдуң.

Шоксуң сен, ары кеттиң, бери кеттиң,
Эс-масмын соолуга албай, эми неттим?
Эңсөөмдү ооздуктоого чамам жетпей,
Артыңдан көзүм жумуп, ээрчип кеттим.

Сен мага сонет жаздың, эссе жаздың,
Өңүңдөн уйку көрбөй нечен аздың.
Мизден курч, өткүрлүгүң омуроолоп,
Бараткан багытымды кесе бастың.

Сен шамсың, сен жалгызсың, сен бир жансың,
Сен менен чоң болоору шексиз бактым.
Бул ырды, бул сүйүүнү азем көрктөп,
Мен кайдан жазат элем сенсиз, жакшым.

АТАМА ЖАЗГАН САЛАМ КАТ

Салам айтам. Салам сага жан атам,
Бүгүн мыкты бир макала жаратам.
Аны сага ыр түрүндө жазам деп,
Окшото албай убарамын жанатан.

Тагдыр экен жолукпайбыз көрүшүп,
Узун сабак сыр аяктан төгүшүп.
Чиймеледим балким жетер колуңа,
Өткөн-кеткен жаңылыктан бөлүшүп.

Калаадамын, кээде айылда үйдөмүн,
Жайы Бишкек, а кышында Чүйдөмүн.
Курсагым ток буга кылам каниет,
Түпкүрүнө түшмөк белем дүйнөнүн.

Шаардык дейбиз, шаарың ата курусун,
Көбү билбейт ата-тегин, уруусун.
Айла канча жашап жүрөм мен деле,
Ушул жакта болгон үчүн жумушум.

Абышкалар джинсы кийет чычайып,
Шаар ушундай, коё албайсың эч айып.
Бирөө айтса уруша кетип кутулат,
Кулагынан кыйгач кетет же кайып.

Кемпир-кесек чачы боёк дудардай,
Кыргыз эне качан болгон булардай?
Колдо чылым, жетелеген машке ит,
Калабы дейм эне салты уланбай.

Тексиздерди ээрчип кеттик көбүбүз,
Бул жат эмес кадимки адат, көнүмүш.
Тоо тарап да жыргап кеткен жери жок,
Айылда да азыр башка көрүнүш.

Мурдагыдай короолор жок кошулган,
Айландыра дубал менен тосулган.
Коңшулардын мамилесин өзгөрттү,
Ушул убак жыйырма жылга созулган.

Сен сыяктуу жакшы адамдар азайды,
Жамандардан жаным канча кашайды.
Же жашоонун жалгандыгын далилдеп,
Чындап эле жакшылар аз жашайбы?

Жокко эсе дөөлөт туткан кары адам,
Бир тууган аз бири-бирине караган.
Атыңды атап күндө ыйлаган он ирет,
Чоң апам да узап кеткен арадан.

Мүнөт сайын биз да карып барабыз,
Өткөндү эстеп үшкүрүнүп калабыз.
Сенин курдаш, досторуңдун көбү жок,
Күндөн- күнгө кыскарууда арабыз.

Пейил качып, элдер азыр бузулган,
Коркпой калган кудайдан да, кусурдан.
Калкты кечээ кара тумоо каптады,
Далбастатып журт үрөйүн учурган.

Тууган-урук байлык жыйнап жарышты,
Заңгыраган чоң үйлөрдү салышты.
Инилериң жүрөт экөө аман-соо,
Алар дагы бир топ эле карышты.

Өтүп жатат күн ушинтип буюрган,
Ичкичтердин саны бир топ суюлган.
Жинди сууну киргизишпейт айылга,
Жүз грамм жок мурдагыдай куюлган.

Апам аман, анын бары сонун да,
Көп жыл болду шарияттын жолунда.
Беш мүнөттө тополоңду тоз кылат,
Эки тизгин, бир чылбыры колунда.

Мына ушундай, ата, бизде жаңылык,
Күн тособуз жаратканга жалынып.
Балдарыңды айда-жылда бир көрөм,
Аларды да калам кээде сагынып.

Токтотоюн жазсам жарым түн өтөөр,
Сөздөрүм көп сүйлөй берсем үн өчөөр.
Макул, ата, калың кийин, сыртта суук,
Ооруп калбай жылуу жумшак жүрө көр.

Баланын ичиндеги кээ бир нерсеге жалгыз гана ата түшүнгөн учурлар болот. Ошол нерсени жеткиргим келет, бирок атам жок. Атамдан 15 жашымда айрылып калдым. Бейиши болгур атам күтүүсүз дүйнөдөн эрте узады. Мүнөзүм түнт болгондуктан көбүнчө ак кагаз менен сырдашам. “Атама жазган салам кат” атама болгон сагынычтан жаралган ыр.

КОШ БОЙЛУУ ЭНЕ

Жарыктык өзү кудайым берген бир белек,
Жаркыган күнгө келүүгө болот ким себеп?
Эшигин чертип ааламды көрөр чүрпөнү,
Апалар төрөп, апалар гана алып келет.

Тызылдап бели тогуз ай күтөт толгонуп,
Түйшүгү артып төрт ирет түндө ойгонуп.
Теминип жаткан ичтеги жанга бактыны,
Теңирден тилеп күзөтөт түндү ойлонуп.

Караса өзүн шибердей жашыл көктөмөк,
Анте албайт эне бир тиштем нанды көп көрөт.
Жылт этип өткөн жаштыгын албай эсепке,
Бала деп жүрүп балапан кезин өткөрөт.

Камкорун жазсам калемим түтпөй эскирет,
Мээримин айтсам таң атып кайра кеч кирет.
Жүрөгүн жаздап башыңа жумшак болсун деп,
Курсактан баштап бапестеп багып өстүрөт.

Энелер сулуу анан да өтө наз болот,
Чүрпөсүн искеп наристе жытка мас болот.
Бир эле түндө эмизген аппак сүтү үчүн,
Чөк түшүп алып таманын өпсөк аз болот.

Кадырың баарын каратып туруп тебелер,
Өзүңдөн башка зат жоктур сага теңелер.
Адамзат сенин баркыңды чындап билгенде,
Ким билет балким көп жашайт беле энелер.

Кээде буйрутма менен ыр жазган учурлар да болот. “Кош бойлуу эне” ырымды суроолор боюнча жазгам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан