Поэтерапия: "Жансыз кайтып бараткандар кечирсин, жандан артык жаркыраган мекенге"

"Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы кусалуу ырлары менен аздыр-көптүр элге таанылып келе жаткан жаш акын Карабин Мирлан уулу.

Карабин Мирлан уулу 1997-жылы 23-февралда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ак-Кептер айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң улуусу. 2015-жылы орто мектепти аяктаган соң борбор калаада жайгашкан Константин Иванович Скрябин атындагы Агрардык университетке тапшырып, гидротехник адистиги боюнча билим алган. 2019-жылы жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин турмуш шартка байланыштуу Орусия өлкөсүнө чыгып кеткен. Ошондон бери аталган мамлекетте эмгектенип келет.

Мекен

Жаштыкты алыс сапар жарыштырып,
Жарашып тагдырыма жарыкчылык,
Бактылуу күндөрүмдү сагындым мында,
Бу жазмыш так өзүңдөн алыс кылып.

Туйлатат жүрөгүмдү, атың улук!
Турамын айлам кетип сапырылып.
Өнүгүп жатканыңды, элестетип,
Жолоочу айтып берсе жатам угуп.

Кайсы күн кеткенимди элеске албайм,
Күрпүлдөп агып жатса керек дайраң.
Жүрөктүн оту алоолоп кетет кээде,
Кыргызмын, туумун себеп, желек кармайм.

Балалык кыял сенден бүчөрлөнүп,
Бакчаңда уктай берем түшүмдө бүт.
Сен анда, гүлдөөнүн туу чокусундасың,
Сөз менен айта албайм түшүндүрүп.

Алдыда ийгиликтин жарык шамы,
Алда бир урпактардын бакыт таңы.
Арбышттуу доошуң чыгат, туят жүрөк,
Ааламдык өнүгүү үчүн жарышта бу.

Акындын көпчүлүк ырларында мекенге болгон кусалык, ата-энеге болгон сагыныч сыяктуу темалар басымдуулук кылат. "Менден эмне үчүн кусалуу ырларды көп жазасың деп көп сурашат. Бирок себебин өзүм да билбейм. Эмнегедир шаңга жокмун", - дейт жаш акын.

Милдет

Жан дүйнөмдү өрттөп турат жалын бук,
Жарадарым биз кайсы күн жаңылдык?
Жаркыраган келечек деп жан үрөп,
Жүрөктөгү өлкөбүздү сагындык.

Катар турган ашууларга кусабыз,
Кайнайт ичте, көздө буулуп ызабыз.
Эркин элдин уулубуз биз дейбиз го,
Эми качан эркин ойноп учабыз?

Жаштык кез ай, кор болууда чет элде,
Жарадарбыз бута болуп бечелге.
Жансыз кайтып бараткандар кечирсин,
Жандан артык жаркыраган мекенге.

Ташта! тапкан бөтөн жерге шоруңу,
Тоо боорунда биз чоңойгон жол улуу,
Бийиктикке бирге ураалап жетели,
Биздин милдет, тоо боорунда жолугуу.

"Милдет аттуу ырым Москвада жазылган. Кайсы ай экени эсимде жок. Негизи ырларды жазылган күнүн белгилебейм. Бирок карантин учуру болчу. Ошондо мигранттардын кыйналганын көрүп, аларга "кеттик жүрү мекенге, биздин милдет тоо тоо боорунда жолугуу" деген өңдүү чакырык иретинде жазгам".

***

Кусаланган дүйнөң алсыз, алыста,
Кубатыңдан тайба, алга жарышта.
Жыгылууга убакыт жок, кез азыр,
Жүрөгүңө бир кайгы муң жабышса.

Эсте баарын, сен чоңойгон ак тамда,
Эне байкуш мээрим бөлөп ак нанга.
Сезимтал жан, кусасынан түн ыйлайт,
Сен жөнүндө түшүн көрүп жатканда.

Отурса да, бирөө сүйлөп, жатса да,
Ою сенде атыңды айтып башкага.
Чакырганы, кайра чоочуп бирөөгө,
- Чырагым ай, адаштым дейт актана.

Сенин аппак көйнөгүңдөн кубат таап,
Сагынычын айта берет кучактап.
Сапарыңда чарчабооңду тиленип,
Сени гана эне жүрөт кубаттап.

Чеңгелине салып турмуш согоордо,
Энең сенин коргоп турган опол тоо.
Алыс жүрүп, аман кайтып келгиче,
Айылыңда күйүп турсун коломто.

"Жогорудагы ыр жакын досумдун атасы каза болгондо жазылган. Ал да Москвада иштечү. Бир жолу бириңерди-бириңерге аманат кылдым деп мекенге кайткан. Бирок барары менен эле кайтыш болуп калды. Ошол трагедияга байланыштуу жазгам".

***

Мекен сага көп адамдын катарын,
Мен толуктап учуп барган жатамын.
Кыраан куштай боюн таштап зоокадан,
Кучагында уктагым бар атамдын.

Жашоо татаал жазмышыма элендим,
Жыгылбадым жол уладым көгөрдүм.
Сансыз ойлуу бала болдум алыста,
Сагынычтуу көздөрүнөн энемдин.

Тепкиленет жан туйгумда тутам ыр,
Текке кеткен мезгилдерим ыза бир.
Түйшүгүмө, ушу күндө жооп издейм,
Туура төрт жыл канга сиңди куса бул.

Тээ кыркалар, али алдыда канча бар?
Түбү кайда? Деги канча жашта алар?
Балалыгым өткөн жерге жетсем эх...
Бир үмүтүм, жаңы жашоо башталаар.

Мекен сага көп адамдын катарын,
Мен толуктап учуп барган жатамын.
Жараланган алп кара куш сыяктуу,
Туулган жердин турпагына шашамын.

"Бул ыр жакында эки-үч ай мурда гана жазылган. Мекениме ушунчалык кетким келгендиктен ушундай ыр чыгаргам".

***

Жан кыйнаган тыным жок батыштамын,
Жазып бүтпөйм жанымдын ачышканын.
Карапайым жашаган бир үй-бүлө,
Элестетем сагынып жатышканын.

Бийик шаарлар, токойлуу чар тарабым,
Жаңы үй салдым эскисин талкаладым.
Келгениме болгону жети ай болду,
Мен да аларды сагындым сарсанаамын.

Кетким келет түн оокум сыртка чыгам,
Алар кандай жүрүштү, сырттан угам.
Түбү терең ырларга кирип кетем,
Жан дүйнөмдү үшүткөн сууктан улам.

Ыйлайм кээде булбулдун үнү менен.
Укпайт мени шаардын түнү - керең.
Ушунчалык муң болгон ички дүйнөм,
Түбү терең деңиздей түбү терең...

Учурда жаш акын "Келечекте сен мага керексиң" аталышындагы ыр жыйнагын чыгарууга камынып жүргөн убагы. "Буга чейин ырларды атайын бир дептерге чогултпастан жаза берчүмүн. Көп ырларыма аталыш да койбойм. Быйыл "Келечекте сен мага керексиң" аталышында чакан ыр жыйнагымды чыгарууга даярданып, ырларымды топтоп жатам", - дейт каарманыбыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан