Баткенде Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
"Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушууларынын план-графигине ылайык, 3-июлдан 9-июлга чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында болуп өттү", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү айтылды. Ошондой эле жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда болоору пландалып жатканы кошумчаланды.