Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровдун башка президенттерден өзгөчөлүгүн айтты

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө башчы Садыр Жапаровдун башка президенттерден өзгөчөлүгүн айтты.

Ал мындай сапат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевде да бар экенин белгиледи.

"Президент өзүнүн командасынан айырмаланып активдүү иштейт. Алар өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу да калың эл менен байланышат. Буга чейин бир дагы президент андай кылчу эмес. Кайсы бир маселенин үстүндө суроо жаралса, ал тууралуу дароо интервью беришет. Ар бир орчундуу маселе боюнча өздөрүнүн ой-пикирин айтып турушат. Бул нерсени туура деп эсептейм", - деди Султанбеков.

Ошондой эле ал Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да социалдык тармактар аркылуу эл менен байлынышып турушу керектигин айтты.

"Министрлер, алардын орун басарлары, аким, мэр жана башка мамлекеттик кызматкерлер эл менен байланышпайт, жаңылыктарды айтып турушпайт, баарлашпайт. Ушундан улам да маселе жаралат. Азыр 21-кылым. Эл саясатчылардан, бийликтен ачык-айкындуулукту, отчётторду талап кылат. Бүгүнкү күндө өкмөт калың эл менен эмес, жадагалса парламент депутаттары менен да тыгыз байланыша албай жатат", - деди ал.

Мындан сырткары, Султанбеков президент Жапаровдун кадр саясаты аксап жаткандыгын кошумчалады.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан