Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды 

Кечээ, 10-июлда Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык миссиянын ачылышы президент Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди Кыргызстандын аталган өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган.

Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан