"Айдоочу аман калган". Чүйдө таксистке 14 жолу бычак сайып качып кеткен жаран изделүүдө

Сокулук районунда жүргүнчү таксистке кол салып, 14 жолу бычак сайган. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалым болгондой, 11-июлга караган түнү Новопавловка айылында белгисиз адам "Яндекс.Такси" такси айдоочусуна 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

"Такси айдоочусу буюртманы кабыл алып, Бишкектин Тунгуч кичи районунан кардарды алып, андан соң аны менен Новопавловка айылына барганы аныкталган. Бара турган жерге жеткенде кардар жол кирени электрондук капчыгы аркылуу төлөгөн. Андан соң жүргүнчү күтүүсүздөн бычагын алып чыгып, таксистке кол салган", - деп айтылат маалыматта.

Ага кошумчалай, 14 ирет бычак сайылып жаракат алган айдоочу унаадан чыгып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми кол салган адам унаанын ачкычын алууга үлгүргөн, бирок унааны уурдай алган эмес.

Белгилей кетсек, кол салган адамдын аты-жөнү такталды. Чүй ОИИББи жакынкы аралыкта ал кармала турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан