Бишкекте биодааратканалар орнотулуп жатат (видео)

Бишкекте суунун убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу биодааратканалар орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек мэриясынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалымдалгандай, Свердлов районунун аймагында таза суу убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу райондук администрация тарабынан 7 биодааратканаларды орнотуу пландаштырылды.

Биодааратканалар Бишкектин төмөнкү даректеринде орнотулууда:

1. Осмонкул көчөсү, 128;

2. Чүй-Сүйүмбаев проспектиси (түндүк-батыш тарабы);

3. Огонбаева-Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши (түштүк-чыгыш тарабы);

4. Москва көчөсү, 54;

5. Москва көчөсү, 21;

6. Москва-Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши (түштүк-чыгыш тарабы);

7. Ибраимов көчөсү, 29.

Эске салсак, кечээ, 10-июлда Бишкек мэриясы 11-июлдан 13-июлга чейин таза суунун өчүрүлүшү тууралуу эскерткен.

Биотуалет орнотуу
Биотуалет орнотуу 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан