Шаардыктардын эсине! Эртеңден баштап Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу 2 күнгө өчүрүлөт

Эртең, 11-июлдан баштап Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу 2 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июль саат 08.00 дөн 13-июль саат 08.00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Өчүрүү району Фрунзе көчөсү – Аламүдүн суусу – темир жол линиясы – Панфилов көчөлөрү менен чектешкен.

Ичүүчү сууну өчүрүү аймагы

Өчүрүү мезгилинде сууну ташып берүү график боюнча эртең мененки саат 09.00дөн кечки саат 18.00гө чейин, ошондой эле кечки саат 18.00дөн түнкү 00.00гө чейин төмөнкү даректер боюнча уюштурулат:

-Герцен көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Осмонкул көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Герцен көчөсү;
- Огонбаев көчөсү –Суюмбаев көчөсү;
- Бөкөнбаев көчөсү №7;
- Токтогул көчөсү –Куйбышев көчөсү;
- Гоголь көчөсү №112;
- Шопоков көчөсү №29;
- Үсөнбаев көчөсү №24;
- Чокморов көчөсү –Усенбаев көчөсү;
- Үсөнбаев көчөсү №26;
- Москва көчөсү №53;
- Токтогул көчөсү –Шопоков көчөсү;
- Шопоков көчөсү №121;
- Тыныстанов көчөсү №64/1 – Боконбаев көчөсү;
- Чокморов көчөсү –Тыныстанов көчөсү;
- Тыныстанов көчөсү №94 (195);
- Токтогул көчөсү №92;
- Тыныстанов көчөсү №215;
- Чокморов көчөсү –Раззаков көчөсү;
- Раззаков көчөсү №50;
- Раззаков көчөсү №51.

Ошондой эле төмөнкү даректер боюнча биодааратканалар орнотулат:

-Абдымомунов көчөсү №207;
- Тыныстанов көчөсү –Чүй проспектиси;
- Тыныстанов көчөсү – Абдымомунов көчөсү;
- Чүй проспектиси –Раззаков көчөсү;
- Киевская көчөсү – Орозбеков көчөсү;
- Москва көчөсү –Раззаков көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Тыныстанов көчөсү;
- Түгөлбай-Ата көчөсү –Эркиндик бульвары;
- Осмонкул көчөсү, №128;
- Чүй проспектиси –Сүйүмбаев көчөсү (түндүк-батыш жагы);
- Огонбаев көчөсү –Гоголь көчөсү (түштүк-чыгыш жагы);
- Москва көчөсү, №54;
- Москва көчөсү, №21;
- Москва көчөсү –Гоголь көчөсү (түштүк-чыгыш жагы);
- Ибраимов көчөсү, № 29.

"Мэрия кырдаалга жараша суу жеткирүү жана биодааратканалар жайгашкан жерлер өзгөрүшү мүмкүндүгүн жана сөзсүз түрдө бул боюнча кабар берилип турарын белгилейт. Шаардыктар кошумча маалыматтарды «Бишкексууканал» ӨЭБсынын колл-борборунун 1533 телефону боюнча ала алышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан