Индиянын түндүгүндөгү катуу жааган жаандан улам каза болгондордун саны 41 адамдан ашты. Бул тууралуу The Times of India басылмасы билдирди.
Маалым болгондой, 7-июлдан бери Индиянын бир нече аймагында жаан токтобой жаап жатат. Анын натыйжасында сел пайда болуп, сейил бактардын, жер астындагы өтмөктөрдүн, базарлардын жана ооруканалардын имараттарын суу каптаган.
Индиянын метеорологиялык кызматынын (IMD) билдирүүсүндө, Нью-Делиде 1982-жылдан бери мындай нөшөрлүү жаан катталган эмес.
Катуу жааган жамгыр Дели районуна, Химачал-Прадеш, Уттаракханд, Пенжаб, Харьяна, Раджастхан штаттарына, Жамму жана Кашмир аймактарына да таасирин тийгизген. Өзгөчө Гималай тоо этектеринде жер көчкү жаралып, бир нече калктуу пункттарды суу каптаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Индияда катуу жааган жаандан улам жер көчкү болуп, 15 адамдын каза болгону айтылган.