"Чаңдан аллергия болуп жатат". Бишкектик тургун шаардагы бетон заводдун ишине нааразы болду

Бишкектин Ленин районундагы Садырбаев көчөсүндө жайгашкан "Экол Строй" бетон заводунун ишине каршы болгон тургундар бүгүн, 11-июлда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылышты.

"Бетон завод турак жайларга жакын жайгашкан. Мындан улам цементтин жыты, андан чыккан чаң, ызы-чуу тургундарга көйгөй жаратып жатат. 2022-жылы келишимге ылайык заводдун иши токтойт дегенинен ушул жерден үй сатып алганбыз. Эми сурасак 2024-жылга чейин келишим узартылыптыр. Элдин чыдамы кетти, чаңдан аллергия болгондор көп, терезени жапсаң дагы чаң кирет. Балдарыбыздын да ден соолугуна залакасын тийгизип жатат", - дешти тургундар.

Ошондой эле алар арыз менен мэрияга, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна кайрылышкандарын, бирок жооп болбогонун айтышты.

"Бардык тиешелүү тараптарга кайрылдык. Тыянак чыккан жок, санэпидемден текшерип келгенде завод ишин токтотуп, тымтырс болуп калат. Кандайдыр бир чара көрүлүшү керек го", - деп кошумчалашты тургундар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2023-07-11 20:09:00
Билип. Туруп ошол жерден алган озунордо куноо бирдеме болсо эле арыздана берген жайынар бар экен бир чети сооп болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан