Sol стартабы электрондук китепти окууга мүмкүнчүлүк берген көз айнек ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Sol Reader гаджети эч нерсеге алаксыбай китеп окууну каалаган окурмандар үчүн түзүлгөн. Аппараттын ичинде көпчүлүк электрондук китептер сыяктуу E-Ink экрандары бар.
Гаджеттин жарыктык индикаторунун негизинде автоматтык түрдө жарыкты жөнгө салуу системасы бар, ошондой эле ар бир окурман экран жарыгын өзүнө ылайык кылып өзгөртө алат. Көз айнектин иштөө убактысы 25 саатка жетет, ал эми аны USB-C туташтыргычы аркылуу кубаттоого 2 сааттай убакыт талап кылынат.
Sol Reader гаджетинин барактарын жылдыруу, кыстармаларды сактоо жана дисплей жөндөөлөрүн тууралоо үчүн атайын пульт колдонулат.
Учурда аталган аппараттын баасы 350 долларды (30 миң 600 сом) түзөт. Ал кийинки жылдын күз айларында сатыкка чыгышы мүмкүн экени айтылууда.