Президент Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Мамлекеттик сапардын жыйынтыктоочу күнүндө Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылышы болду.
Мындан башка мамлекет башчысы жана биринчи айым Монголиянын улуттук Наадам майрамынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
11-июль күнү кечинде президент Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.