Чүйдө каналга түшүп кеткен жарандын сөөгү 6 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү Садовое айылынан агып өтүүчү Чоң Чүй каналына 1957-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен.
11-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында 28 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:00дө убактылуу токтотулган. Ал эми ошол эле күнү саат 23:00дө аталган жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан табылганы маалымдалды.