Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылында эки жөө адамды коюп кеткен ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ал Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген. Ал эми кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергеп жатканы маалымдалды.
Эске салсак, 5-июль күнү Маевка айылында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен көз жумгандар бар экендиги айтылган.