Бүгүн, 12-июлда абанын табы +41 градуска жетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-14-июль күндөрү абанын табы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +36…+41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө +34…+39°ка чейин жогорулайт.
Ошондой эле министрлик кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуш кылууда.
Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы аномалдуу ысыкта ден соолукка кантип кам көрүү жана сактануу керектиги боюнча сунуштарын билдирген.