"Дарыгермин деп алдаган". Индияда аялдарды алдап 15 жолу үйлөнгөн адам кармалды

Индияда алдоо жолу менен 15 аялга үйлөнгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу India Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 35 жаштагы Махеш К.Б.Наяк аттуу индиялык жаран нике сайттары аркылуу таанышкан 15 аялга үйлөнгөн. Ал аялдарды көндүрүү үчүн өзүн дарыгер же инженер катары тааныштырган. 2014-жылдан бери бир нече аялга үйлөнгөн Наяк айрымдарынан балалуу да болгон.

Полиция кызматынын маалыматына караганда, Тумакуру шаарында жашаган 45 жаштагы инженер аял аталган шектүүгө арыз жазып кайрылган. Кийинчерээк, Наяктын атасы да уулун "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып менен полиция кызматына кайрылганы белгилүү болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Наяктын орто мектепти дагы бүтүрбөгөнү, жолуккан аялдарга өзүн дарыгер катары тааныштырганы жана айрымдарынан оорукана ачуу үчүн акча сураганы аныкталган.

Учурда шектүүгө карата кылмыш иши козголгону айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан