Акылбек Жапаров I жарым жылдыкта республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик башкаруу секторунун ресурстары 257,6 миллиард сомду түздү. Финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин жарым жылдыгына карата аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан 2023-жылдын 6 айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 176,7 миллиард сомду түзүп, белгиленген план 108,4 пайызга аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 130,4 пайызды түздү.

Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 миллиард сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 126,4 пайызды түздү.

Мындан тышкары, жыйында салык жана бажы тармагында жүргүзүлүп жаткан фискалдык реформалар тууралуу маалымат айтылды.

Акылбек Жапаров жүргүзүлгөн фискалдык реформалардын аркасында бюджеттин киреше бөлүгүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

Мындан тышкары, өкмөт башчы бардык социалдык маанилүү иш-чараларды, анын ичинде мектептерди курууну жана жолдорду оңдоону өз убагында жана толук каржылоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында 2023-жылдын II жарым жылдыгына бюджетти пландаштыруу жана фискалдык чөйрөнү реформалоо боюнча мындан аркы кадамдарга байланыштуу протоколдук тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан