Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Буга чейин 3-июлда президент Садыр Жапаров “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу киргизилип жатканы маалымдалды.
Ал эми Салык кызматы өлкөдө 1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкө аймагына импорттоого акциз салыгы алынарын эскерткен. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, акциздин ставкасына жараша аталган суусундуктун 1 литрине 10 сомдон алынат.