Журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуя боюнча иш кыскарды

Ыдырыс Исаковго “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун кол көтөргөнү боюнча иш кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынан Абсаттар Тавакаловдун айтымында, иш майда бейбаштык катары каралып, бул боюнча административдик чара көрүлөт. Ал Койчукуловго салына турган айыптын көлөмүн сот аныктай турганын кошумчалады.

Эске салсак, ушул жылдын 12-июнунда эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директоруна каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, эркин журналист Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-Aybek18
2023-07-12 16:53:00
Бул пикир келишпестик,эки коңшунун ортосундагы жер боюнча болгон жок да, мамлекеттик мүлк жөнүндө болуп жатат го, эгер прокурор Ыдырыска окшоп териштирип жүрүп М. Койчукуловдон шапалак жегенде анда кол салды болуп камалып кетсе керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан