Бишкек шаарындагы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого 13,2 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү отурумда кезексиз шайлоону 10-сентябрда өткөрүү чечими чыгарылып, ага кете турган чыгымдардын сметасы бекитилген.
Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча буга чейинки кезексиз шайлоо 28-майда болуп өткөн. Ага 18 миллион 836,5 миң сом жумшалган.