Абировдун ордуна депутат шайлоого канча акча жумшалат? БШКнын жообу

Экс-депутат Жаныбек Абировдун ордуна №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 18 миллион 836,5 миң сом жумшалат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган каражат шайлоого даярдык жана аны өткөрүү иштеринин чыгымдарына, шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу, тартылган адистерге эмгек акы төлөөгө берилет.

Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuban-1207
2023-04-01 11:56:00
Чыгым кылып мамлекетти
0
Kuban-1207
2023-04-01 11:56:00
Шайлоонун эмне кереги бар депутат толтура го
0
Spb
2023-04-01 14:31:00
Мынча кынбат бир депутат болушуна тоолтураго жон еле шайлоосу жок еле иштейм деген адамды койсо болбойбу стажы бар адам жокпу не
0
Piter-piter
2023-04-02 00:08:00
18млн жетпей калат го.
0
miki87
2023-04-02 01:31:00
Ошончо акча кетирбестен эле мурунку шайлоодо ким экинчи орунду алган болсо ошол адамга мандат берсе болбойбу? Супер инфо ошону билип бергидечи ? Себеби мурунку шайлодо экинчи орунду алган адамды да элдер шайлаганда. 18 млнго бир айылга бала бакча салса болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан