Бишкекте шаардык кызматтарга муздак улуттук суусундуктар таратылды

Бишкекте Октябрь райондук администрациясы "Шоро" компаниясы менен биргеликте шаардык кызматтардын жумушчуларына улуттук суусундуктарды таратты. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган акцияны Октябрь администрациясы Биринчи Май акимиатына өткөрүп берди.

Эске салсак, Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөрүн маалымдаган. Ал эми дарыгерлер мындай аптаптуу ысыкта күнүнө 1,5-2 литрден кем эмес таза суу же минералдык суу ичүүнү сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан