Чүйдө "Яндекс" такси айдоочусуна 14 жолу бычак сайып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, шектүү учурда Чүй ОИИББнин тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө. Ал өспүрүм экени айтылды.
Кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, 11-июлга караган түнү Новопавловка айылында белгисиз адам "Яндекс.Такси" такси айдоочусуна 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.