Президент Садыр Жапаров жерлерди өз билемдик менен басып алгандарга карата жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Такталгандай, Садыр Жапаров "Айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Анда жерлерди мыйзамсыз жол менен басып алгандарга карата жаза пулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жолдору, жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу жагдайлары тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзамда Кылмыш-жаза кодекси жаңы 2121 (Айыл-чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелери менен толукталат.
Мындан тышкары мыйзам долбоорунда министрлер кабинетине: