Кайра шайлоо: Мурдагы шайлоодо үчүнчү орунду алган жаран алгачкылардан болуп талапкер болду

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-июлда БШКга Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Эртай Искаковдон арыз келип түштү.

Эртай Искаков буга чейин жыйынтыгы жокко чыгарылган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоодо үчүнчү орунга ээ болгон.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктайт.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга дайындалган.

Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча буга чейинки кезексиз шайлоо 28-майда болуп өткөн. Анда алдын ала маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал шайлоого катышкандардын 35,86 пайызынын добушуна ээ болгон.

Бирок 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козгогон. Мыйзам боюнча, эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.

16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан