Тазабек Икрамов шайлоого катышпагандарга айып салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоого катышпагандарга айып салууну сунуштады. Аталган сунуш кечээ, 13-июлда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Анын айтымында, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо өлкө аймагында жашаган Кыргыз жарандары катышууга милдеттүү.

Мындан тышкары ал Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 15 миллион 413,9 миң сомго жакын каражат сарпталгандыгын белгиледи. Бирок шайлоого 124 миң 908 адамдын 17 миң 423ү гана добуш бергендигин, бул жалпы шайлоочулардын 13,95 пайызын түзгөндүгүн кошумчалаган.

"Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар жана мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Мисалы, Түркияда болуп өткөн президенттик шайлоонун тажрыйбасын карасак, анда 64 миллион 145 миң 504 шайлоочунун ичинен 55 миллион 835 миң 895 адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 87 пайызынан ашыгын түзөт", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал киргизилген мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, Кыргызстандын катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбесин белгиледи. Аталган мыйзам долбоор кошумча финансылык каражаттарды талап кылбай турганын айтты.

"Мыйзам долбоор “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган, натыйжада сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uri24
2023-07-14 10:54:00
Куру убадалар менен элди алдап жүргөн популист депутатка да эң чоң көлөмдөгү штраф салыш керек
+2
Саман
2023-07-14 12:37:00
Араңарда лапшагон билимсиз сабатсыздар олтурат аларды эмне кылыш керек Тазабек?
+1
Azat-123
2023-07-14 15:12:00
атың эле депутат болбосо затың эмнени кыйратты?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан