Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелип жаткан Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы кызматкери үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, 30-июнда шектүүнүн апасы ага кайрылып, баласы сүйлөшкөн кызын зордуктоого аракет кылды деп айыпталып жатканын айткан. Шектүү менен арыз жазган кыз бир жылдан ашык убакыттан бери тааныш болуп, бир нече айдан бери кыз-жигит катарында сүйлөшүп жүргөн. Ал кыздын апасы жана байкеси менен тааныш болгон. Жигит кызга үйлөнүүнү пландап жаткан. Окуя болгон күнү кыз андан апасы экөөнү тойдон чыкканда алып кетүүнү суранган. Андан соң аларды үйүнө унаа менен жеткирип, апасы үйүнө кирип кеткенден кийин экөө Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жайда түнкү саат 3:00гө чейин отурушкан. Андан соң алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ортодо чыр чыккан. Кызды үйүнө жеткирүүнү сунуштаганда, ал жигитти ургулай баштаган. Мындан улам жигит кызды машинадан түшүрүп салган. Андан соң алар үйгө чейин жөө барышып, жигит кыздын буюм-тайымдарын берип, анан өзү кеткенин белгиледи.
Жактоочу Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылганын, сот материалдар менен таанышып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонун жана тергөө менен кызматташып жатканын эске алуу менен үй камагына чыгарганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин автоунаанын арткы орундугунда эркек киши кызды зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу видео интернет желесине тараган. Милиция аталган факты 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мурда иштеп кеткен 30 жаштагы Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.