Болот Темиров “Азаттыктын" тынчтык келишими боюнча пикирин билдирди

Орусиянын жараны деп Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров "Азаттыктын" бийлик менен болгон тынчтык келишимин айыптап чыкты. Ал жеке пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен “Азаттык" медиасынын “тынчтык келишимин” бийликтин куугунтугуна кабылгандарга болгон чыккынчылык деп эсептейм. Эми бийлик бардык маселеде ушул келишимди бетке кармай берет", - деди Болот Темиров.

Ошондой эле: " Азаттыктын" кызматкерлерин сыйлайм жана колдойм. Бирок Эркин Европа/Азаттык радиосунун жетекчилигине менин бул "тынчтык" келишимине нааразы болгонумду билдирип койгула", - деп жазган ал.

Эске салсак, мындан эки күн мурун "Азаттык" медиасынын соттук иштери токтотулганы белгилүү болгон. Анда мекеме талашка себеп болгон чек арадагы конфликт жөнүндөгү материалды бардык ресурстарынан өчүргөнү жана Маданият министрлиги "Азаттыктын" ишмердүүлүгүнө уруксат бергени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-07-14 15:01:00
Бул Болот Темировду кайра эле камап койуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан