Блогер Улукбек Карыбек уулу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Улукбек Карыбек уулу бүгүн, 14-июлда Бишкектен кармалган. Ал Ош шаарына жеткирилет. Анын үстүнөн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кызматкерлери арыз жазышкан.
SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришкендей, Улукбек Карыбек уулу оорукананын эшигин талкалап, бир адамдын башын жарганга шектелүүдө.
Башка маалымат айтылган жок.
Буга чейин Улукбек Карыбек уулу өзүнүн ютуб каналына "Ош облустук оңолбос төрөт үйү" аттуу видео материалды жарыялаган. Андан кийин блогердин үстүнөн дарыгерлер арызданышкан.