Блогер Улукбек Карыбек уулуна кылмыш иши козголуп, блогер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, блогерге карата кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде (Бейбаштык) кылмыш иши козголгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Кечээ, 14-июлда Улукбек Карыбек уулу Бишкектен кармалган. Анын үстүнөн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кызматкерлери арыз жазышкан.