Орусия Ксения Собчакты өлтүрүүнү алдын алганын жарыялады

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада жана Рязань облусунда RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симонян менен журналист Ксения Собчакты өлтүрүүгө даярданган атайын топтун мүчөлөрү кармалганын жарыялады.

"Украинанын атайын кызматтары RT телеканалынын жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоняндын өлтүрүүүгө багытталган планына бөгөт коюлду. Маалыматтарга караганда, алар Ксения Собчакты да өлтүрүүгө даярданышкан", - деп билдирген Орусиянын коопсуздук кызматы.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган атайын топтун мүчөлөрүнө ар бир өлүм үчүн 1 миллион 500 миң рубль сый акы убада кылынганы аныкталган.

Учурда бул боюнча тергөө иштери башталды.

Орусиялык басылмалар бул маалыматтан кийин Ксения Собчак өзүнүн коопсуздугун күчтөгөнүн жазышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан