Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.
Акылбек Жапаров Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын белгиледи. Ошондой эле ал учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин кошумчалады.
"Министрлер кабинетинин төрагасы корей тарапка Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн эске алуу менен өлкөдө Кореянын "Hyundai" жана "Kia” сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Ал ошондой эле кыргыз тараптын өлкөдө гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу жаатындагы ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Чонг Ву Тэк эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бийик потенциалды белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды уюштурууда кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.
"Жыйынтыгында тараптар “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин жакшыртуу” долбоору боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул долбоор эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын мындан ары чыңдоого багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.