Лионель Мессинин  "Интер Майамидеги" презентациясы болуп өттү (фото)

Бүгүн, 17-июлга караган түнү аргентиналык чабуулчу Лионель Месси менен испаниялык жарым коргоочу Серхио Бускетстин "Интер Майамидеги" презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу "Интер Майами" клубу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Сүрөттөн байкалгандай, Месси менен Бускетстин презентациясына клубдун жетекчилеринин бири Дэвид Бекхэм жана "Интер Майаминин" башчы машыктыруучу Херардо Мартина катышты. Аргентиналык чабуулчу аталган клубда 10-номер менен оюн талаасына чыкса, Бускетс 5-номер менен оюн көрсөтөт. "Барселонанын" мурунку эки оюнчусу тең "Интер Майами" менен 2025-жылдын аягына чейин келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, Лионель Месси акыркы жолу "ПСЖ" клубунда оюн көрсөткөн, андан соң америкалык "Интер Майамиге" эркин агент катары өткөн. "ПСЖга" чейин чабуулчу 2003-2021-жылдар аралыгында каталондук "Барселона" клубунда оюн көрсөткөн. "Барселонада" Месси жети жолу Испаниянын Суперкубогун, төрт жолу Чемпиондор Лигасын жана УЕФА Суперкубогун үч жолу жеңип алган. Былтыр аргентиналык футболчу улуттук курамасы менен Дүйнө чемпиондугунда алтын тагынган.

Ал эми Серхио Бускетс "Барселонанын" тарбиялануучусу. Ал 2008-жылдан бери каталондук клубдун атынан жалпы 722 жолу оюн талаасына чыккан. "Барселона" менен Бускетс Испаниянын тогуз жолку чемпиону болгон жана жети жолу Испаниянын Суперкубогун, үч жолу Чемпиондор Лигасын жеңген. Бускетс 2022-2023 сезонунун аягында аталган клубдан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан