ЭЛДИК КАБАР: Арча-Бешиктин тургуну унаа жол чөгүп жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 17-июлда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну кайрылды. Ал аталган конушта канализация түтүктөрү өткөрүлгөндөн кийин унаа жол чөгүп жатканын айтты.

"Жолдун так ортосунан канализация түтүктөрү өткөрүлгөн. Аны өткөрүп бүткөндөн кийин эптеп эле көмүп салышкан. Ошол боюнча жол каралган жок. Унаа өтсө узунунан эле түшүп кетчүдөй, кооптуу. Эл бир жагын акча чогултуп өздөрү оңдошкон", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан