Президент Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы техникаларды тапшырды (сүрөт)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техникалар кирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы техниканын жардамы менен министрликтин материалдык-техникалык базасы күчөтүлөрүн белгиледи. Ал 2026-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин жана бул багытта келечектен көптү үмүттөндүргөн чоң-чоң пландар бар экенин өзгөчө белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2023-07-17 13:36:00
Нал алды бекен же рассррочкага алды бекен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан