Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектелген 265 даана атайын техниканы тапшыруу аземинде жолчуларга анекдот айтып берди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө тамашага салып, жолдордун курулушу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал кыргыздардын жалкоо эл экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, министрликтин түзүмдөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган 265 даана атайын техника берилди. Аларга заманбап самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, авто бетон аралаштыргычтар, экскаваторлор жана башка техникалар кирет.