Садыр Жапаров иш сапар менен Сауд Арабияга барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров 18-20-июлда Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышуу үчүн Сауд Арабия падышалыгына иш сапар менен барат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, аталган иш-чаранын алкагында өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

"Сапардын алкагында президент Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган. Белгилей кетүүчү нерсе, бул региондордун тарыхында мамлекет башчыларынын ушул форматтагы биринчи саммити", - деп билдирди Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан